Кыргызстандык окуучу эл аралык олимпиадада коло медалга ээ болду

Кыргызстандык окуучу Иван Решетников (ортодо) химия сабагы боюнча эл аралык олимпиадада коло медалга татыды. Май, 2023-жыл


Токмок шаарындагы Баласагын атындагы лицейдин 11-классынын окуучусу Иван Решетников химия сабагы боюнча эл аралык олимпиадада коло медал утту. Эл аралык Менделеев атындагы 57-олимпиада Казакстандын борбору Астана шаарында өттү, ага Кыргызстандан алты окуучу катышканын Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.

Менделеев атындагы эл аралык олимпиада жыл сайын өткөрүлөт. Ага КМШ, Балтика жана Түштүк-Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн окуучулары катышып, химия предмети боюнча билимин сынашат.

Кыргызстандык 12 окуучу быйыл февралда физика, математика жана информатика боюнча Казакстанда өткөн эл аралык олимпиадада алтын, күмүш, коло медал жана башка сыйлыктарды утуп алган. (ZKo)

Дагы караңыз

Ооган кыргыздарынын тагдыры тууралуу тасма Ошто көрсөтүлөтАвстрия мамлекеттик кызматкерлердин TikTok колдонуусуна тыюу салат "Парламент - өзү курултай". Курултайчылардын укугу кыскарды УКМК Баткендеги аткезчилик окуясы боюнча маалымат берди“Апам Лиля, таятам Жусуп Турусбековдор менен сыймыктанам”