Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:55

УКМК Баткендеги аткезчилик окуясы боюнча маалымат берди


Табылган тамекинин жалпы баасы 1 миллион 800 миң сом деп эсептелүүдө.
Табылган тамекинин жалпы баасы 1 миллион 800 миң сом деп эсептелүүдө.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Баткенде аткезчиликке шектелген үч адам менен күч кызматкерлеринин ортосундагы окуя тууралуу маалымат берди. Мекеме 10-майда билдиргендей, шектүүлөрдүн биринин үйүнөн коңшу өлкөдөн аткезчилик жолу менен ташылып келген 36 кутудагы 18 миң таңгак акциздик маркасы жок тамеки табылган, анын жалпы баасы 1 миллион 800 миң сом деп эсептелүүдө.

Баткенде аткезчиликке шектелген адам жана анын эки уулу милиция кызматкерлерине күч колдонгону үчүн убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин 10-майда облустук ички иштер башкармалыгы билдирген. Окуя 9-майда Баткен районунун Кара-Бак айылында болгон.

УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери аткезчиликке байланыштуу козголгон кылмыш иши алкагында шектүүнүн үйүнө тинтүү жүргүзүү үчүн барышкан, ал жерде коомдук коопсуздукту жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында жергиликтүү милициядан эки адам да иштеп жаткан.

Шектүүлөр, милиция билдиргендей, «Каршылык көрсөтүп, күч кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, аткезчиликке шектүү жүгүн жашыруу максатында зордук-зомбулук жасап, эки милиционерди уруп салышкан. Натыйжада алар алган жараатынан улам Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө түшкөн».

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 374-беренесинин («Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук») негизинде иш козголуп, шектүүлөр камакка алынды, «аталган үй-бүлөнүн кылмышка тиешеси бар башка мүчөлөрү да такталууда».

Баткендеги Кара-Бак айыл аймагы эки тарабынан Тажикстан менен 36 чакырым чектешет.

Ушул эле айылда былтыр ноябрда машинени тинтүү учурунда Тажикстандан аткезчилик менен алынып келинген 2 миллион 750 миң доллар табылган.

2021-жылы Баткенде 29-апрелдеги куралдуу жаңжалдан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жаап, товарларды киргизүүгө тыюу салган. (JsA)

XS
SM
MD
LG