Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:31

Австрия мамлекеттик кызматкерлердин TikTok колдонуусуна тыюу салат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Австриянын ички иштер министри Герхард Карнер 10-майда билдиргендей, расмий Вена мамлекеттик кызматкерлерге кызматтык телефонуна TikTok орнотууга тыюу салат.

Бир катар Батыш мамлекеттери, анын ичинде Британия менен АКШ жана Евробиримдикке мүчө өлкөлөр коопсуздук маселелеринен улам мамлекеттик кызматкерлерге бул тиркемени колдонууга тыюу салышкан.

Кытайлык ByteDance компаниясына караштуу TikTok социалдык тиркемеси өкмөттөр жана тийиштүү мекемелердин тыкыр көзөмөлүндө турат. Буга Кытай бийлиги тиркемени колдонуучулардын маалыматтарын чогултуу жана өз кызыкчылыгы үчүн колдонушу мүмкүн деген кооптонуу негиз болгон.

Кыргызстанда дагы айрым депутаттар TikTok тармагын чектөө сунушун көтөрүп келишет. Бирок алар коопсуздукту эмес, TikTok жаштарга жана улуттук идеологияга терс таасир тийгизип жатат деген маселе көтөрүшкөн

2022-жылы тиркемеге дүйнөдө бир миллиарддан ашык киши катталган. Кыргызстанда анын канча катталуучусу бар экени белгисиз.

XS
SM
MD
LG