Ооган кыргыздарынын тагдыры тууралуу тасма Ошто көрсөтүлөт

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Памирликтердин кыялы менен кусалыгы

Режиссер, журналист Жаңыл Жусупжандын ооган кыргыздарынын тагдыры, кыялы менен кусалыгы жөнүндө тартылган тасмасы Ошто көрсөтүлөт.

“Үркөр, үркөр үч жылдыз, үркүп кайда барасың” деп аталган даректүү фильмде адегенде Нарынга, анан Алайга көчүрүлгөн үй-бүлөлөрдүн тарыхый журтунда баштан кечирип жаткан турмушу чагылдырылган.

Ооган кыргыздарын Кыргызстанга көчүрүү 2017-жылы башталып, андан бери 100гө чукул адам алып келинген. Бирок алардын бир тобу кайра кетип калышкан.

Даректүү тасма 2017-жылдан баштап төрт-беш жыл тартылган.

Ош шаарынын тургундары жана коноктору фильмди 14-майда саат 10.00дө «Семетей» кинотеатрынан көрө алышат.

Дагы караңыз

Австрия мамлекеттик кызматкерлердин TikTok колдонуусуна тыюу салат "Парламент - өзү курултай". Курултайчылардын укугу кыскарды УКМК Баткендеги аткезчилик окуясы боюнча маалымат берди“Апам Лиля, таятам Жусуп Турусбековдор менен сыймыктанам”