Президент Садыр Жапаров Орусиядагы расмий сапарынын алкагында 7-майда Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен жолукту. Анын басма сөз кызматы тараткан маалыматта, тараптар өз ара алака-катышты мындан ары дагы өнүктүрүү маселелерин талкуулаганы жазылган.
"Садыр Жапаров Кыргызстан салттуу түрдө Орусия менен соода-экономикалык мамилелерди чыңдоого жана өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын Орусия менен тышкы соода жүгүртүүсү рекорддук деңгээлге жетип, үч миллиард АКШ долларынан ашты. Учурдагы мүмкүнчүлүктөрдү жана ниеттерди эске алуу менен соода жүгүртүүнү жана инвестициялык кызматташууну мындан жогорку деңгээлге чыгаруу толук реалдуу", - деп жазылган маалыматта.
Мамлекеттик Думанын расмий сайтына жарыяланган кабарда Садыр Жапаров жолугушууда "Кыргызстанда орус тилин сактоо саясатынын маанилүүлүгүн белгилени" көрсөтүлгөн. Анда кыргыз мамлекет башчысынын "Мен президент жана укуктардын жана эркиндиктердин гаранты катары бул маселеде бардык манипуляцияларга кескин каршы турам. Орус тили бизде болгон жана боло берет. Ал Конституция менен бекемделген", - деген сөзү берилген.
Кыргызстандын президентинин сайтында бул жолугушууда орус тил маселеси көтөрүлгөнү тууралуу жазылган жок.
Садыр Жапаров Орусияга 7-майда расмий сапар менен барды. Кыргыз президентинин бул сапары Орусия Украинага согуш ачып, Батыш өлкөлөрү Москвага каршы катаал санкцияларды салган учурга туш келди. Сапардын жүрүшүндө Жапаров орус президенти Владимир Путин менен дагы жолугуп, Жеңиш парадына ардактуу конок катары катышат. Буга чейин Садыр Жапаров парадга катышкан жалгыз чет өлкөлүк лидер болору айтылган. Бирок соңку күндөрү Кремль тажик президенти Эмомали Рахмон менен Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухаммедовду да чакырганы кабарланды.
Дагы караңыз
Петербургда кармалган 60ка чукул эмгек мигранты депортацияланатБШК: Ленин округунан парламенттик шайлоого 32 талапкер ат салышат Евгений Пригожин "Вагнерге" курал-жарак берилерин билдирди Парламент курултай тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда карайт Судандагы касташкан тараптар түз сүйлөшүү үчүн Сауд Арабиясына келди Чек ара кызматы "Ак-Жол" бекетиндеги тыгын жөнүндө түшүндүрмө берди