Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:30

Евгений Пригожин "Вагнерге" курал-жарак берилерин билдирди


Евгений Пригожин.
Евгений Пригожин.

Орусиядагы "Вагнер" жалданма аскер уюмунун негиздөөчүсү Евгений Пригожин Бахмуттагы согушту улантуу үчүн анын жоочуларына курал-жарак, ок-дары берилерин билдирди. Анын Телеграм-каналга жарыяланган кайрылуусунда "вагнерчилер" менен Коргоо министрлигине генерал Сергей Суровкин ортомчулук кылары белгиленген.

Буга чейин Пригожин 10-майда анын жоочулары Украинанын Бахмут шаарынан чыгып кетерин жарыялаган. Мындай чечимге ок-дарылардын жетишсиздиги жана оор жоготуулар себеп болгонун белгилеген.

Мындан көп өтпөй, 6-майда Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылып, атайын даярдыктагы “Ахмат” аскер бөлүгүн Бахмутка жөнөтүүнү өтүнгөн.

Пригожин буга чейин да Украинанын Бахмутту басып алууга аракеттенип жаткан "вагнерчилерде" курал-жарак жетишсиз экенин айтып чыккан. Украина бул согушта орусиялык күчтөр күн сайын жүздөгөн аскеринен ажырап жатканын билдирип келет.

Орусиянын Коргоо министрлиги Бахмуттагы жоготуулары тууралуу маалымат бере элек.

  • “Вагнер” компаниясы – менчик бейрасмий аскердик түзүм. Компанияны Орусиянын президенти Владимир Путинге жакын саналган Евгений Пригожин негиздеген. Анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу маалыматтар байма-бай чыгып келет. "Вагнерчилер" бир катар аскердик кылмыштарга айыпталган. Айрым өлкөлөр бул компанияны террордук уюм деп таанып, Пригожинди "кара тизмеге" киргизген.
  • "Вагнердин" катарында Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын жарандары да бар. Буга чейин орус түрмөлөрүнөн согушка тартылган беш кыргызстандык каза болгону ачыкка чыккан.

XS
SM
MD
LG