Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:52

БШК: Ленин округунан парламенттик шайлоого 32 талапкер ат салышат


БШК.
БШК.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) билдиришинче, Бишкек шаарындагы бир мандаттуу Ленин округунан шайлоого талапкерлерди каттоо аяктады. Ага ылайык, 32 талапкер ат салышат, алардын бешөө аялдар.

БШКда 6-майда чүчү кулак кармоо аркылуу талапкерлердин бюллетендеги кезеги аныкталды.

Аталган округда мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майда өтөт. БШК каттагандардын арасында Эркин Булекбаев, Максат Кунакунов, Данияр Тербишалиев, Өмүрбек Суваналиев, Дамира Ниязалиева, Турсунбай Бакир уулу, Ажыбек Касмалиев, Акин Токталиев, Равшан Жээнбеков, Руслан Бекназаров өңдүү саясатчылар жана коомдук ишмерлер бар.

Кыргызстанда соңку парламенттик шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн. Анда бир мандаттуу Ленин округунан 14 адам талапкер болууга арыз тапшырган. Натыйжада эң көп добуш алып, депутат болгон Жаныбек Абиров март айында өзү аралашкан мушташка байланыштуу мандатын тапшырган.

XS
SM
MD
LG