Түркиядагы шайлоо: Кыргызстандагы түрк жарандары добуш берүүдө

Кыргызстандагы түрк жарандары шайлоого добуш берүүдө. Бишкек. 5-май, 2023-жыл. Сүрөт Түркия элчилигинин Фейсбук баракчасынан алынган сүрөт.

Кыргызстанда жашаган түркиялыктар президенттик шайлоого добуш берип жатат. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, Түркиянын президентин шайлоо үч күнгө созулуп, 5-6-7-май күндөрү жүрөт.


ТРТ Аваз телеканалынын маалымдашынча, Кыргызстанда 3 119 түрк жараны расмий катталган.

Мамлекеттик "Анадолу" агенттигинин маалыматына ылайык, 73 өлкөдө элчилик жана консулдуктардын имараттарында шайлоо тилкелери ачылган. Аларда 3 миллион 416 түркиялык шайлоочу катталган.

Түркияда президенттик шайлоо быйыл 14-майда өтөт. Түрк оппозициясы Эрдогандын атаандашы катары Элдик-республикалык партиянын лидери Кемал Кылычдароглунун талапкерлигин тандаган.

69 жаштагы Эрдоган Түркияны соңку 20 жылдан бери башкарат. Анын бийликтеги алгачкы жылдарында Түркиянын экономикасы көтөрүлгөнү менен соңку жылдарда өлкөдөгү жарандык эркиндик жана адам укуктары кескин чектелгенин эл аралык уюмдар белгилеп келишет.(ElB/ZKo)

Дагы караңыз

Bloomberg: Экинчи даражадагы санкциялар Борбор Азия өлкөлөрүнө салынышы мүмкүнСадыр Жапаров сөз эркиндигин, адам укугун коргоо өлкөнүн башкы максаты экенин айтты"Бүгүн "Азаттык", эртең ким?". Сөз эркиндигинин абалы талкууда"Хроники": Мамдуманын депутаты Юрий Петровдун үй-бүлөсү кыргыз жарандыгын алганОрусия Одесса жана Киевге дрон менен сокку урдуПригожин "вагнерчилер" Бахмуттан 10-майда чыгып кетерин билдирдиАнкарадагы саммитте орусиялык жана украиналык делегаттар мушташты