Кулубаев ШКУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты

Субрахманьям Жайшанкар жана Жээнбек Кулубаев.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 5-майда Индиянын Панажи шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышты. Иш-чарада ШКУнун Нью-Делиде өтө турган саммитине даярдык жана Иран менен Беларусту уюмга мүчө катары кабыл алуу маселелери талкууланды.

Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кулубаев кыргыз бийлиги ар тараптуу, анын ичинде энергетика, жашыл экономика, маалыматтык технологиялар, электрондук соода жана креативдүү экономика жаатында инвестициялык кызматташууларды жандандырганын белгиледи.

Министр Кулубаев аймактын транспорттук потенциалын жогорулатуу үчүн уюмга мүчө мамлекеттер ортосундагы логистикалык жана транспорттук байланыштарга тиешелүү маселелерге көңүл бурууга чакырды. Кыргыз тарап тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыгын эл аралык деңгээлде колдой турганын белгиледи.

Маалыматта Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында Кыргызстандын демилгеси менен 2023-27-жылдар аралыгында “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык” жарыяланганы, ЮНЕСКОнун башкы конференциясында “Тоо мөңгүлөрүн изилдөөнү жана байкоону кеңейтүү боюнча” резолюция кабыл алынганы айтылат.

Жыйын соңунда ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңеши бир катар чечимдерге кол коюшту.

ШКУ коопсуздук жана экономика жаатындагы кызматташтык максатында Кыргызстан, Кытай, Орусия, Тажикстан, Казакстан жана Өзбекстан тарабынан 2001-жылы негизделген. 2016-жылы уюмга Индия менен Пакистан кошулган.

Беларус, Монголия жана Ооганстан байкоочу макамына ээ. Шавкат Мирзиёев былтыр Самарканд саммитинде Беларус да ШКУга толук мүчө болуу иш-чарасын баштаганын жарыялаган.

Дагы караңыз

Анкарадагы саммитте орусиялык жана украиналык делегаттар мушташтыБаткенде кыргыз жана өзбек район башчылары жолугуштуТүркмөн бийлигин сындаган активисттин апасына өлкөдөн чыгууга тыюу салындыBloomberg: Экинчи даражадагы санкциялар Борбор Азия өлкөлөрүнө салынышы мүмкүн