Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:17

Баткенде кыргыз жана өзбек район башчылары жолугушту


Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы. Кадамжай району, Баткен облусу.
Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы. Кадамжай району, Баткен облусу.

Кыргызстандын "Өтүкчү", Өзбекстандын "Тул" чек ара бекетинде Кыргызстандын Баткен районунун жана Өзбекстандын Сох, Риштан райондорунун акимдери, жергиликтүү күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолугушту.

Кыргызстандык делегацияны Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жетектеп барды.

Жолугушууда тараптар чектеш аймактарда коомдук-саясий абалды туруктуу кармоо, чек ара аймактарында чыр-чатактардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу, болтурбоо, чарбалык ирригациялык маселелерди жана эки элдин ортосунда ынтымакты бекемдөө, алаканы күчөтүү, эки тараптуу маданий иш-чараларды өткөрүү тууралуу талкуулап, кеңири сүйлөштү.

Баткен райондук акимчилиги "Азаттык" радиосуна маалымдагандай, эки тараптуу жолугушуу конструктивдүү маанайда өтүп, максатына жетти.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырым. 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85%), андан бери 13% жакыны такталганы 2021-жылдын февралында расмий айтылган.

Эки өлкө президенттери 27-январдагы келишимге ылайык Өзбекстан менен Кыргызстандын чек аралары толук чечилгенин ырасташкан.(JsA/ZKo)

XS
SM
MD
LG