Депутат Мажитова Кыргызстанда кара паранжа кийгендер боюнча маселе көтөрдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеште депутат Шарапаткан Мажитова Кыргызстанда бети-башын толук чүмкөгөн, кара паранжа кийген кыз-келиндерге, аялдарга байланыштуу маселе көтөрдү. Ал 20-апрелдеги жыйында Ош облусундагы жагдайды мисалга тартып, бул жаатта Дин иштери комиссиясына тапшырма берилиши керектигин айтты.

"Биз жакында Ошко социалдык пакет боюнча сертификаттарды тапшырганы барганда, аны алганы келген көпчүлүк аялдар көзү гана көрүнгөн кара кийим кийип отурушту. Жоолуктарын салына беришсин, бирок эмне үчүн капкара болуп чүмкөнүп алышат? Ушул жагынан дагы дин башкармалыгына тапшырма берип койсоңуз",- деди Мажитова.

Буга чейин Ошто өткөн иш-чаралардын биринде хижабчан кыздар бетине чейин чүмкөнүп отурганы тартылган сүрөт кызуу талаш-талкуу жараткан. Мусулман аялдардын “Мутакалим” уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы бул жагдайдан кооптонуу негизсиз экенин айткан.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, өлкөдө дин тутуу эркиндиги бар.

Дагы караңыз

Кадырбеков кылмыштуулук көбөйгөн жагдайды талдоону сунуштады Баткенде үй курган жумушчулар айлыгын алалбай жатканы айтылды АКШ Украинага 325 млн. долларга бааланган аскердик жардам беретКонституциялык сот Баш мыйзамдын талаштуу беренесин чечмеледиБишкек мэриясы бөтөлкө чогулткан беш жашар бала жөнүндө түшүндүрмө берди