Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:22

АКШ Украинага 325 млн. долларга бааланган аскердик жардам берет


HIMARS реактивдүү артиллериялык системасы.
HIMARS реактивдүү артиллериялык системасы.

АКШнын Коргоо министрлиги Украинага 325 миллион долларлык аскердик жардамдын жаңы пакети берилерин билдирди. Анын алкагында HIMARS ракеталык системаларына ок-дары, танктарга каршы системалар, миналар, артиллериялык снаряддар, жогорку тактыктагы авиациялык ок-дарылар, порттордун коопсуздугун камсыздоого керектүү жабдуулар, тетиктер жана талаа-түзгө керектүү буюмдар бар.

"Кошмо Штаттары өнөктөштөрү жана союздаштары менен коопсуздук жаатында жана согуш талаасында Украинанын болгон керектөөсүн канааттандыруу үчүн бирге иштөөнү уланта берет", - деп жазылган маалыматта.

Ушул айдын башында Вашингтон Украинага 2,6 миллиард долларга бааланган жардам берилерин билдирген. Анда HIMARS жана Patriot системаларынын ок-дарыларылары, артиллериялык снаряддар, 400 гранатамед, жүк ташыган машиналар, чиркемелер жана башкалар болгон.

Украинанын бийлиги өткөн жылдын аягынан тартып контрчабуулга даярдык көрүлүп жатканын айтып келет. Киев мындан улам Батыштан заманбап курал-жарак сураган. Акыркы айлары бир катар өлкөлөр Украинага жаңы үлгүдөгү танктарды, аскердик машиналарды берген. Ошондой эле согуш башталгандан бери биринчи жолу МиГ-29 үлгүсүндөгү кыргын салуучу учактарды алган.

Орусия Украинага 2022-жылы 24-февралда кол салган.

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссариаты (OHCRH) Орусия Украинага каршы согуш ачкандан бери 8500 карапайым кишинин өлүмү ырасталганын билдирди жана реалдуу сан мындан көп болушу мүмкүн экенин билдирди.

Орусия согуш ачкандан бери өлкө болжол менен 700 млрд. доллар чыгым тартканын өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдирген. Миңдеген адамдар набыт болуп, он миңдеген адамдар баш калкасыз калды.

XS
SM
MD
LG