Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:07

Баткенде үй курган жумушчулар айлыгын алалбай жатканы айтылды


Баткендеги жаңы үйлөр.
Баткендеги жаңы үйлөр.

Жогорку Кеңештин 20-апрелдеги жыйынында депутат Нурлан Ражабалиев Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта кыйраган үйлөрдү курулушуна байланыштуу маселе көтөрдү. Ал мындан улам президенттин жана өкмөтүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, чара көрүлүшү керектигин билдирди.

"Баткенде калыбына келтирүү жумуштарынын абалы жакшы эмес. Жалпы жумушту "Аманат курулуш инвест" компаниясы алган. Ал "Доор курулуш" деген субподрядчыга берген. Өз маалында алар бештен-ондон кылып дагы башка жалданма компанияларга таратып салган. Эки айда бүтүрөбүз деген жумуш мына жетинчи айга кетип жатат, бүтө элек. Биздин жарандарыбыз үйлөрүнө кире албай жүрөт. Куруучулар айлык-маяналарын бүгүнкү күнгө чейин алалбай жүрөт. Ошол жердеги дүкөндөрдөн канчалагн материалдар алынган экен. Тамак бышырып иштеген ашпозчулар бар экен. Субподрядчы менен ал жалдаган суб-субподрядчынын ортосундагы мамиледен биздин эл кыйналып атат. Андан сырткары Өзбекстандан дагы жумушчулар келип иштеген экен, алар дагы акчасын күтүп кете албай жүрүшөт",-деди Ражабалиев.

Мындан бир апта мурда Жогорку Кеңеште “Ишеним” фракциясы Баткенде курулуп жаткан үйлөр боюнча Мамлекеттик курулуш агенттигинин директорунун орун басары Азирет Акимовдун маалыматын уккан. Анда бир катар депутаттар курулуш кечеңдеп жатканын сынга алышкан.

Акимов курулушка бөлүнгөн 1,3 миллиард сомдун 90 пайызы которулганын, үйлөр 1-майга чейин, ал эми социалдык мекемелер 1-сентябрга чейин бүткөрүлөрүн кабарлаган. Ошондой эле жүзгө жакын үйдүн курулушундагы кемчиликтер аныкталганын билдирген. Учурда 332 үй толук бүтүп, анын 200дөйүндө тургундар жашап жатат.

2022-жылы 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта Кыргызстан тарап 8 млрд. сомдон ашуун зыян тартканы маалымдалган. Баткен облусу боюнча жалпысынан 426 үй жашоого жараксыз абалга келген. Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Достук жана Капчыгай айылдары дээрлик толугу менен өрттөлүп, тонолгон. Турак жайларды калыбына келтирүү үчүн өкмөт 1 млрд. 300 миллион сомдон ашык каражат бөлүп, октябрда иш башталган.

Кан төгүү менен коштолгон соңку жаңжалды Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн.

Кыргызстан кандуу кагылышта 60тан ашуун жаранынан айрылган. 200дөн ашуун адам жарадар болгон. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны набыт болгонун расмий билдирген. "Озоди" чек арада каза тапкан делген 80 ашуун кишинин тизмесин жарыялаган. Эки тарапта тең каза болгондор арасында балдар бар.

XS
SM
MD
LG