Москвада өлтүрүлгөн уландын апасы Орусиянын тергөө комитетине кайрылды

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты. Жакындары берген сүрөт.

Москва облусунун Подмосковье аймагында киши колдуу болгон 17 жаштагы кыргызстандык Анвар Кубанычбек уулунун апасы Махабат Жанышева Орусиянын Тергөө комитетине кайрылды. Ал уулунун өлүмүн кылдат иликтөөнү суранууда.

Жанышева орусиялык тергөөчүлөр Анвар өлтүрүлгөн учурда анын жанында болуп токмок жеген Раатбек аттуу тууганынан арыз алуудан баш тартканын, бул иш боюнча тергөө-иликтөө иштери жүрбөй жатканын айтты.

Подмосковьеде бычакталган Анвар Кубанычбек уулунун сөөгү 26-мартта Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында жерге берилген.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Орусияда киши колдуу болгон 17 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча 24-мартта билдирүү тараткан. ИИМ кылмышка шектүү катары 20-21 жаштардагы төрт кыргыз жараны кармалганын кабарлаган.

Шектүүлөрдүн жанынан пневматикалык курал жана бычак табылган.

Милиция адам өлтүрүүгө себеп болгон чыр жөнүндө маалымат берген эмес, окуя боюнча Москва облусуна караштуу Красногорск шаарынын тергөө бөлүмү "Адам өлтүрүү” беренеси менен иш козгогонун кабарлаган.

Ушу тапта Орусияда 2 миң кыргызстандык түрмөдө жатат. Расмий маалыматка ылайык, 7 миллион калкы бар Кыргызстандын 1 миллиондон ашуун жараны Орусияда эмгек мигранты болуп жүрөт.(ZKo)

Дагы караңыз

"Азаттыктын" Финчалгын кызматына арызы Административдик сотто кайрадан каралат"Баары кымбат, сүт арзан". Таластагы нааразылыкИрактын абактарында 41 кыргызстандык кармалып туратЧаткал -Ташкент жолу курулат Мырза-Аке-Кара-Кулжа жолундагы кар көчкү тазаландыАКШнын коргоо министри Украинанын премьер-министри менен жолугушту