Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:46

Мырза-Аке-Кара-Кулжа жолундагы кар көчкү тазаланды


Мырза-Аке - Кара-Кулжа жолундагы кар көчкү. 12-апрель, 2023-жыл
Мырза-Аке - Кара-Кулжа жолундагы кар көчкү. 12-апрель, 2023-жыл

Ош облусунундагы Мырза-Аке - Кара-Кулжа автоунаа жолуна түшкөн кар көчкү толугу менен тазаланып, 13-апрелде, саат 04:00тө ачылды.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Ош облустук башкармалыгынан "Азаттык" радиосуна маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 12-апрелде саат 17:00 чамасында аталган жолго 1700 метр кубдан ашуун көлөмдөгү кар көчкү түшүп, он чакты автоунаа элүүдөй жүргүнчүсү менен өтө албай калган.

Учурда бардык автоунаалар көздөгөн багытына кетишти.

ӨКМ акыркы күндөрү жаап өткөн жаан-чачындан жана күндүн ысышынан улам тоолуу аймактардагы жолдорго кар көчкү жүрүү коркунучу көбөйгөнүн билдирип, автоунаалардын ортосу 500 метрден кем болбоого тийиштигин эскертип келет.(DSh)

XS
SM
MD
LG