Ысык-Көлдө жер титиреди

Сейсмология институтунун маалымдашынча, 11-апрелде саат 23:08де Кыргызстанда жер титиреди.

Силкинүүнүн күчү очогунда -Каракол шаарынан 35 чакырым аралыктагы Тескей Ала-Тоо тоо кыркаларында 4,5 баллга жетти. Ал эми Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айылында 3,5 балл, Чоң-Кызыл-Суу айылында 3, Каракол шаарында жана Ак-Суу районунун аймагында 3 баллды түздү.

Бул тууралуу кабарлаган Өзгөчө кырдаалдар министрлиги силкинүүнүн очогу кайсы жер экенин маалымдаган жок.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, жер титирөөдөн кыйроолор жана жапа чеккендер жок.

23-мартта Баткен облусунун Сүлүктү, Раззаков шаарларында күчү 5 балл, Баткен шаарында 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

21-мартта очогу Ооганстанда болгон жер титирөөнүн күчү Кыргызстанда да сезилген.(ZKo)

Дагы караңыз

Азери жана армян аскерлеринин атышуусунан жети киши каза болдуМамдума аскерге электрондук жол менен чакыруу мыйзамын колдоду"Жарым жылда жарандык аласыңар". Орусияда согуш азгырыгы күчөдүАзия чемпионаты: Айпери Медет кызы күмүш байге алды