Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:04

Азери жана армян аскерлеринин атышуусунан жети киши каза болду


Армения-Азербайжандын чек арасы. 18-ноябрь, 2022-жыл
Армения-Азербайжандын чек арасы. 18-ноябрь, 2022-жыл

Армениянын Коргоо министрлиги "Азербайжан тараптын чагымчыл аракетинен улам армян тараптан төрт киши өлүп, алтоо жарадар болгонун" билдирди.

Ал эми Азербайжандын Коргоо министрлиги "армян тараптын чагымчыл аракетинен үч азери аскери мерт болгонун" маалымдады.

Армениянын куралдуу күчтөрү кырдаал салыштырмалуу туруктуу экенин билдирүүдө.

Шейшембиде Армениянын Коргоо министрлиги Тех айылына жакын жерде инженердик иштерди жүргүзүп жаткан армян жоокерлерин азери тарап аткылаганын билдирген. Маалыматта армян тарап ок атууга жооп кылганы да кабарланган.

"Азатутюн" радиосунун маалыматына караганда, жараат алган армян аскерлердин арасында атайын аскер корпусунун командири Армен Гезалян да бар. Ал Гористеги бейтапканадан Ереванга которулду.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. 2020-жылы эки өлкө катуу кагылышып, уруш алты аптага созулган. Армения төрт миңдей, ал эми Азербайжан үч миңдей жаранын жоготкону айтылган. Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Москванын арачылыгы менен жетишилген келишимге ылайык, Лачин коридорун Орусиянын тынчтык орнотуучу контингенти көзөмөлдөйт.

Былтыр сентябрда чек арадагы кагылышууда эки тараптан 300дөй аскер окко учкан.

XS
SM
MD
LG