Луисвиллдеги атышуудан беш киши набыт болду

АКШнын Кентукки штатындагы Луисвилл шаарындагы атышууда беш киши каза болуп, дагы алтоо жараат алганын CNN кабарлады.

Окуя 10-апрелде шаардын борборунда Old National Bank филиалынын жанында болгон. Полиция элге ок аткан кылмышкер жок кылынганын билдирди.

Каза болгондордун тек-жайы такталууда. Жараат алгандардын арасында полиция кызматкери да бар.

Gun Violence Archive (Куралдан жасалган зордук-зомбулук архиви) маалыматына ылайык, 2023-жылдын башынан бери АКШда 129 жолу жапырт адам өлтүргөн окуя болду.

27-мартта Теннесси штатынын Нэшвилл шаарындагы The Covenant мектебине кол салууда алты адам, анын ичинде үч бала каза болгон.

Дагы караңыз

Бишкекте каракталган жолтандабас Ошто прокурор колуна кантип тийди? Жоламан Шаршенбеков Азиянын эки жолку чемпиону болдуОрусия менен Украина туткундарды алмаштыКемпир-Абад иши: Илгиз Шаменов ооруканага жаткырылды