Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:47

Кемпир-Абад иши: Илгиз Шаменов ооруканага жаткырылды


Илгиз Шаменов сот залында. 9-декабрь, 2022-жыл.
Илгиз Шаменов сот залында. 9-декабрь, 2022-жыл.

Кемпир-Абад иши боюнча Москвадан кармалып, камакка алынган жарандык активист Илгиз Шаменов ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев "Азаттыкка" ырастады.

Жаза аткаруу кызматыд арыгерлердин сунуштамасы боюнча Шаменовдун дарыланышына уруксат берген. Ал 10-апрелден баштап жеке менчик ооруканада дарылана баштады.

Буга чейин Шаменов ЮРФА клиникасынан кароодон өткөнүн, ага ылайык жүрөгү жана бөйрөгүн дарылоого муктаж экенин билдирген. Акыйкатчыга, Кыйноолорго каршы улуттук борборго, Бириккен Улуттар Уюмуна жана эл аралык адам укугун коргоо (Human Rights Watch) уюмуна кайрылуу жолдогон.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына каршы пикирин ачык билдирип чыккан 30га жакын адам 2022-жылдын 23-октябрында кармалган. Алардын 20дан ашыгынын абактагы мөөнөтү 20-апрелге чейин узартылган. Бир тобунун ден соолугу начарлап кеткенин, дарыланууга муктаж экенин адвокаттары айтып келет.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган ​Орозайым Нарматова, Перизат Суранова, Нурлан Асанбеков, Талантбек Эшалиев саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыккан.

Милиция кармалгандар “массалык башаламандык” беренесине шектелип кармалганын, далилдер жетиштүү экенин билдирген. Камактагылар муну бийликти сындаганы үчүн саясий куугунтук деп атоодо.

Эл аралык уюмдар Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын ишин калыс кароого чакырган. (TSh)

XS
SM
MD
LG