Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:33

Жоламан Шаршенбеков Азиянын эки жолку чемпиону болду


Жоламан Шаршенбеков. Астана шаары, 10-апрель.
Жоламан Шаршенбеков. Астана шаары, 10-апрель.

Балбан Жоламан Шаршенбеков Астанада өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында алтын медалдын ээси болду. Ушуну менен кыргызстандык балбан Азия чемпиондугун экинчи жолу утуп жатат.

Шаршенбеков 60 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, мелдешти чейрек финалдан баштады. Алгачкы беттешинде ал индиялык балбан Сумит Сумитти 53 секунда ичинде жеңди. Жарым финалда жапониялык Маито Кавананы 4:0 эсебинде утуп алды.

Алтын байге үчүн беттеште Шаршенбеков Түштүк Кореядан келген Хан Жае Чунгду 10:0 эсебинде жеңип, Азиянын эки жолку чемпиону болду.

Ал эми 67 килограммага чейинки салмакта күрөшкөн дагы бир кыргыз балбаны Раззак Бейшекеев Азия чемпионатынын коло байгесин утту.

10-апрелде кыргызстандык үч балбан Азия чемпионатынын финалына чыккан. Үзүр Жусупбеков менен Акылбек Талантбеков да алтын байге үчүн ат салышат.

Грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшүнөн Азия чемпионаты Казакстандын борбору Астанада 9-апрелде башталган. Ал 16-апрелде аяктайт.

Бир күн мурун Акжол Махмудов алтын байге утуп, Азиянын үч жолку чемпиону болсо, Роман Ким коло байгу утту. (GT)

XS
SM
MD
LG