Ысык-Көлдөн 2800 тоннадан ашык таштанды чыгарылды

Көлдү тазалоо учуру.

Ысык-Көлдүн Фрунзе, Балбай, Кутургу, Түп айылдарына караган аянттары тазаланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, 12-мартта башталган иш-чарада көлдүн 39 миң гектар аянты тазаланып, 2835 тонна ар түрдүү таштанды, 34 500 метр балык уулоочу тор чыгарылды.

Ысык-Көлдүн флора жана фаунасын, тазалыгын сактоо максатында президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде 12-мартта "Ысык-Көлдү коргойлу" иш-чарасы башталган. Ага ылайык, бир катар министрликтерден жумушчу топ түзүлүп, көлдөгү таштандылар жана балык уулоочу торлор тазалана баштаган.

Көлдү тазалоого ӨКМдин суучулдары кайык, катерлер менен тартылган.

Ысык-Көлгө жайкысын жергиликтүү жана коңшу мамлекеттерден келген эс алуучулар барышат.

Жыл сайын көлдү тазалоо иштери уюштурулуп, таштанды жана торлор чыгарылып турат. (BCh)

Дагы караңыз

Тайвандын айланасындагы машыгууга катышкан учактардын саны көбөйдүЖети-Өгүздө бороондо дайынсыз кеткен эки киши аман-эсен табылды Кадыркулов Молдова, Болгария жана Румынияда да элчи кызматын аркалайт Вашингтондо Кыргызстан менен АКШнын алака-катышы талкууланды