Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:25

Жети-Өгүздө бороондо дайынсыз кеткен эки киши аман-эсен табылды


Дайынсыз жоголгон эки адам табылды. Сүрөт ӨКМ басма сөз кызматына таандык.
Дайынсыз жоголгон эки адам табылды. Сүрөт ӨКМ басма сөз кызматына таандык.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун бороондо калган эки тургуну аман-эсен табылып 10-апрелде маалымдады.

51 жана 34 жаштагы эки киши 7-апрелдин кечинде машине менен Ак-Шыйрак айылынан Барскоонго чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп, изделип жаткан.

Издөө иштерине ӨКМдин куткаруучулары, жол тейлөө ишканасынын техникасы, “Кара-Сай” чек ара тозотунун чек арачылары тартылган.

Министрликтин маалыматына караганда, аларды чек арачылар "Кара-Сай" тозотунан 18 чакырым алыс жерден табышкан. Экөөнүн тең абалы жакшы. (BCh)

XS
SM
MD
LG