Альпы тоолорундагы кар көчкүдөн төрт киши каза болду

Монблан тоосу.

9-апрелде Франция аймагындагы Альпы тоосунун Монблан чокусуна жакын жеринде кар көчкү жүрүп, кеминде төрт киши каза болду. Бул тууралуу Франциянын ички иштер министри Жераль Дарманен Твиттердеги баракчасына жазды.

Франциянын белгилүү Шамони тоо-лыжа курортуна жакын жерде көчкү түшкөн. Куткаруу жана издөө иштери уланууда.

Министрдин айтымында, 9-апрелде Франция менен Италия чектешкен аймакта жайгашкан Армансетт мөңгүсү көчкөн.

Монблан -Батыш Европадагы эң бийик тоо чокусу. Анын бийиктиги 4810 метр, Франция менен Италиянын чек арасында жайгашкан

Февраль айында Альпы тоолорунун Австрия бөлүгүндөгү кар көчкүдөн сегиз адам набыт болгон эле. (BCh)

Дагы караңыз

БШК:14 айылдык кеңештеги шайлоодо шайлоочулардын 39% добуш берди Мектептерге 1-класска балдарды кабыл алууга электрондук каттоо башталды ИИМ: жасалма арак-шарап өндүрүүгө шек саналган ири соодагер кармалды Өзбекстанда блогер "арам йогурттар" деген видеосу үчүн 15 суткага камалды