Аба ырайы: күн күркүрөп, жаан жаайт

Кыргызгидромет борборунун билдиришинче, 10-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 14…19;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 15...20;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 11…16 градус жылыйт.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -8...-13, күндүз -4...+1 градус болот.

Бишкекте жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10°, күндүз 17…19° жылуу болот.

Дагы караңыз

Иран хижаб кийбеген аялдарды видеокамера аркылуу көзөмөлдөйтЧымкентте айдоочусу жок автобус сүзүп, төрт кишинин өмүрү кыйылды Бишкекте канализация үчүн жер казып жаткан жаран топурак басып каза болдуАнталияда каза тапкан жарандын сөөгүн алып келүү аракети көрүлүүдө