Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:57

Иран хижаб кийбеген аялдарды видеокамера аркылуу көзөмөлдөйт


Ирандын бийлиги коомдук жайларга көзөмөл жүргүзүү үчүн видеокамераларды орното баштады. Алар хижаб кийбеген же жоолукту анчалык катуу байлабаган аялдарды көзөмөйт. Бул тууралуу өлкөнүн полициясы билдирди.

Полициянын билдирүүсүндө, хиджабды туура эмес кийгендер аныкталып, аларга “эскертүү кагазы” жөнөтүлөт.

Апрелдин башында Ирандын Билим берүү министрлиги милдеттүү хижаб эрежесин бузгандар мектеп же университеттерде билим ала албасын эскерткен.
Ислам жумуриятында 1979-жылкы революциядан кийин тогуз жаштан ашкан кыздар жана аялдар коомдук жайларда башын жапкан кийим кийүүгө милдеттүү деген мыйзам кабыл алынган. Хижабы жок же аны туура эмес кийгендерге айып салынат же камалат. Көчөдө башын толук жаппаган аялдарга кол салган учурлар дагы катталган.

Көптөгөн аялдар нааразылык иретинде ал эрежени бузуп, жылаңбаш жүргөн учурлар кездешет. Андай окуялар былтыр сентябрда студент кыз Махса Амини хижаб кийүү эрежесин бузган деп камалып, жабык жайда көз жумгандан кийин тутанган митингдер маалында көбөйдү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG