Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:39

Анталияда каза тапкан жарандын сөөгүн алып келүү аракети көрүлүүдө


Анталия, Түркия
Анталия, Түркия

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Анталия шаарында эки кыргызстандык аялдын жол кырсыгына кабылганы боюнча маалымат таратты.

Маалыматка караганда, 8-апрелге караган түнү болгон жол кырсыгынан 30 жаштагы аял каза тапкан. 23 жаштагы жарандын моюн сөөгү сынып, көкүрөгүнөн жаракат алып ооруканага жаткырылган. Анын абалы канааттандырарлык экени айтылды.

Учурда Анталиядагы Башкы консулдук маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү үчүн туугандары менен биргеликте иштеп жатканы кабарланды.

Кырсыкка кабылгандар Түркияда эс алып жүргөнбү же ал жакта жашап-иштегенби, маалымат бериле элек.

Түрк маалымат каражаттары кыргызстандыктар түшкөн автоунаада дагы эки киши болгонун, айдоочу - түрк жараны окуя болгон жерден каза таап, польшалык аял ооруканага жеткирилгенин жазып чыгышты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG