Бишкекте жайгашкан Ала-Арча көрүстөнүндө 10 чакты гана орун калды. Бул тууралуу вице-мэр Нурдан Орунтаев шаардык кеңештин Турак жай - коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс боюнча туруктуу комиссиясынын 6-апрелдеги жыйынында айтты.
Ал бул орундар толгондон кийин Ала-Арча көрүстөнүн жабуу маселеси караларын билдирди.
Бишкек шаардык Аза кызматын көрсөтүү агенттигинин директору Төрөхан Жунусбеков борбордо жети көрүстөн бар экенин, анын үчөө жабылганын, шаарда жыл сайын эки миңдей сөөк жерге берилерин маалымдады.
31 гектарлык Ала-Арча көрүстөнү 1973-жылы ачылган. Бул жайга өкмөттүн токтому менен мамлекетке эмгеги сиңген инсандардын сөөктөрү гана коюлат. (BTo)
Дагы караңыз
Өзбекстанда кыздардын бөлмөсүнө камера орноткондор иштен алындыАк-Ордодогу жер чыры: Башкы прокуратура дагы бир адамды кармадыБУУ аялдардын иштешине салынган тыюуну кабыл алынгыс деп атады Парламент Бишкектин мэрин түз шайлоо боюнча мыйзам долбоорун четке кактыЫрыс Жекшеналиев президент Садыр Жапаровго кайрылдыОрусияда согушка катышууну каалагандарды жазадан бошотуу сунушталууда