Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:20

БУУ аялдардын иштешине салынган тыюуну кабыл алынгыс деп атады


Кайыр сураган аялдар менен балдар. Кабул, 31-март, 2023-жыл
Кайыр сураган аялдар менен балдар. Кабул, 31-март, 2023-жыл

БУУ оогандык аял кызматкерлеринин иштөөсүнө салынган тыюуну "кабыл алынгыс, кыз-келиндердин укуктарын одоно бузган чечим" деп сыпаттады.

Анын алдында өлкөнү башкарып жаткан "Талибан" кыймылы жергиликтүү аялдар эл аралык уюмдун кеңселеринде иштей албайт деп эскерткен.

Жооп иретинде БУУ шаршембиде Ооганстандагы кызматкерлерине кеңселерге барбоо көрсөтмөсүн берген.

БУУнун Ооганстандагы кеңселеринде 400дөй жергиликтүү аял иштейт. Адегенде чектөө Нангархарда киргизилген.

Билдирүүдө аял кызматкерлерсиз уюм "кыз-келиндер менен натыйжалуу иш алып бара албасы, 28 миллиондой киши Ооганстанда жашоо үчүн жардамга муктаж экени, бул кадам адам өлүмүнө алып келери" белгиленген.

Талибдердин бийликке келиши менен ансыз да согуштан жабыркаган Ооганстанда экономикалык кырдаал ого бетер начарлады, гуманитардык кризис каптады.

Талибдер бул тыюуга байланыштуу комментарий жасай элек.

2021-жылы жайында бийликке кайтып келери менен "Талибан" ооган кыз-келиндеринин укуктарын катуу чектөөгө киришип, жогорку билим алуусуна, бир топ өкмөттүк мекемелерде иштөөсүнө тыюу салган.

XS
SM
MD
LG