Өзбекстанда кыздардын бөлмөсүнө камера орноткондор иштен алынды

Өзбекстандагы жатакана. Иллюстрациялык сүрөт

Өзбекстандын Жогорку билим берүү, илим жана инновациялар министрлиги Кокондогу педагогикалык институттун проректору жана үч кызматкери иштен алынганын билдирди. Маалыматка караганда, алар жатаканада кыздардын бөлмөсүндө камера орнотуу ишине аралашкан, муну менен кызматынан кыянат пайдаланган.

"Министрлик адамдын жеке турмушуна кийлигишүүнү катуу айыптайт жана мындый аракетти студент кыздардын ар-намысына шек келтирүү деп баалайт. Адамдын эркиндигин жана жеке жашоосунун кол тийбестик укугун эч ким буза албайт", - деп айтылат билдирүүдө.

Мекеме окуяга кириптер болгон студенттерге кысым көрсөтүлбөйт деп ишендирди.

Буга чейин камераны таап алган кыз ички иштер органдарына кайрылганы маалымдалган. Студенттер муну билип калган проректор аларды урушканын айтышкан.

Тартип коргоочулар окуянын чоо-жайын текшерүүдө.

Дагы караңыз

Ак-Ордодогу жер чыры: Башкы прокуратура дагы бир адамды кармадыБУУ аялдардын иштешине салынган тыюуну кабыл алынгыс деп атады Кордолгон кыздар: милицияга сынды күчөткөн чечимдерАкылбек Жапаров электр энергиясына таңкыстык күчөгөнүн билдирди