Эл артисти Сталбек Алмасбеков каза болду

Сталбек Алмасбеков.

5-апрелде опера ырчысы, Кыргыз Республикасынын эл артисти Сталбек Алмасбеков дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирип, Алмасбеков эмнеден улам каза болгонун тактаган жок.

Сталбек Алмасбеков 1953-жылы Нарын облусунун Жумгал районундагы Көк-Ой айылында туулган.

Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөндөн кийин Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык - хореографиялык окуу жайда окуган. 1979-1983-жылдары Курмангазы атындагы Алматы мамлекеттик консерваториясында музыкалык билим алган. Окуу жайды аяктагандан баштап, азыркы мезгилге чейин Кыргыз улуттук опера жана балет театрында солист-алдыңкы сахна чебери болуп иштеп келген. (BTo)

Дагы караңыз

Элчилик: Орусияда кафеде кармалган кыргызстандыктар бошотулдуМакрон "баскынчы Орусияга жардам бергендер анын шериги болуп калат" деп эскерттиДепутат Токтошев дыйкан-фермерлерге насыя кечигип берилип жатканын айттыӨкмөт "Карвен", "Каприз" пансионаттарынын акциясын сатууну пландап жатат