Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:22

Өкмөт "Карвен", "Каприз" пансионаттарынын акциясын сатууну пландап жатат


Ысык-Көл. Иллюстрациялык сүрөт.
Ысык-Көл. Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт Ысык-Көлдөгү “Карвен-четыре сезона” эс алуу жайынын 33% үлүшүн жана “Каприз” пансионатынын 27,34% акциясын сатууну пландап жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Канатбек Тургунбеков Жогорку Кеңештин 5-апрелдеги жыйынында айтты.

Анын сөзүнө караганда, жакында эс алуу жайларын баалоо жараяны өтүп, наркы аныкталса, сатыкка чыгат.

“Карвен-четыре сезона” жоопкерчилиги чектелген коомунун 33% үлүшү мурдагы депутат, экс-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге таандык болчу. Ал бир нече кылмыштары үчүн 2019-жылы сыртынан 10 жылга соттолуп, мүлктөрү мамлекетке алынган.

“Каприз” 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн чечими менен улутташтырылган 47 объектинин арасында болгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG