Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

Элчилик: Орусияда кафеде кармалган кыргызстандыктар бошотулду


Орусиядагы мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиядагы мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москванын Таган районунда коомдук тамактануу жайлардын биринде ооз ачарда кармалган кыргызстандык мигранттар боюнча 5-апрелде маалымат берди. Алардын баары бошотулганын кабарлады.

“Бул факты боюнча элчиликтин консулдук бөлүмүнүн кызматкери Москванын Таган районунун ички иштер бөлүмүнө барды. Жүргүзүлгөн тиешелүү иш-аракеттердин жыйынтыгы боюнча, Кыргызстандын кармалган бардык жарандары элчиликтин көмөгү менен административдик жаза колдонулбастан бошотулду”, - деп айтылат маалыматта.

Элчиликтин билдирүүсүндө, кармалгандар тамак-ашсыз жана суусуз калганы тууралуу маалыматтарды четке каккан.

4-апрелде Москванын Ильичтин аянты аймагындагы “Ош” кафесинде ооз ачарга чогулган 60 чакты кыргызстандык мигрант кармалганы кабарланган. Алардын бири “Азаттыкка” ооз ача электе эле полиция алып кеткенин, арасында аялдар да бар экенин билдирген.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Кубандык Акматбеков өткөн аптада миграциялык мыйзамдарды сактабаганы үчүн 136 кыргызстандык Орусиядан чыгарылганын айтты.

Ушул тапта Орусияда бир миллиондон ашык кыргызстандык мигрант эмгектенип жүрөт. (BTo)

XS
SM
MD
LG