Машиев “Акун” пансионаты мамлекетке өткөрүлбөгөнүн билдирди

Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында жайгашкан "Акун Ысык-Көл" пансионаты.

Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчисинин орун басары Медер Машиев 5-апрелде Жогорку Кеңештин сессиясында “Акун” пансионатына байланышкан талаш тууралуу маалымат берди:

“Акун” мамлекетке кайтарылган жок. Мүмкүн башка кылмыш иштери боюнча иш каралып жаткандыр. Менчиктештирүү маселеси жок жана бизден эч кандай материал сурашкан жок”, - деди Медер Машиев.

Былтыр декабрь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ысык-Көл облусундагы “Акун” пансионатына 17,65 гектар жер менчикке мыйзамсыз берилгенин билдирген. 2008-жылы Ысык-Көл райондук соту пансионатка Кара-Ой айылындагы жер тилкесин берүү боюнча мыйзамсыз чечим чыгарганын жарыялаган, 371 миллион сомго бааланган жер тилкеси мамлекетке кайтарылган деп маалымдаган.

Дагы караңыз "Акундун" айланасындагы талаш: 14 жылдан кийин жокко чыккан чечим

“Акун” Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, маркум Чыныбай Турсунбековдун жакындарына таандык. Анын кызы Айдай Турсунбекова пансионат жайгашкан жер өкмөттүн 1998-жылдын 23-июнундагы токтому менен менчиктештирүүнүн программасы аркылуу сатып алынганын жазган. (BTo)

Дагы караңыз

Ташкентте орусиялык ырчылар катышкан фестиваль өтпөй калдыДепутат Токтошев дыйкан-фермерлерге насыя кечигип берилип жатканын айттыАКШ Украинага 2,6 миллиард долларлык аскердик жардам берилерин билдирдиБишкектен Сеулга туруктуу аба каттамы ачылатУКМК жана бажы кызматкери аралашкан мушташка байланыштуу иш токтотулду