Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Бишкектен Сеулга туруктуу аба каттамы ачылат


"Манас" аэропорту.
"Манас" аэропорту.

Быйыл июнь айында Бишкектен Сеулга туруктуу аба каттамы ачыларын “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы 3-апрелде билдирди. Каттамды кореялык T’way Air компаниясы аптасына бир жолу жүргүзүп турат.

Жаңы багыт боюнча алгачкы каттам 11-июнга белгиленген.

Сеул шаары - Түштүк Кореянын борбору жана анда 10 миллиондон ашуун эл жашайт. Расмий маалыматка ылайык, ушул тапта Түштүк Кореяда Кыргызстандын 7 миңден ашуун жараны жашап, иштейт. Алардын катарында эмгек келишими менен келгендер, студенттер же этникалык корейлер бар. Кыргызстандан бул өлкөгө мыйзамдуу жол менен барам деген жарандар адеп визага документ тапшырып, алдын ала иш берүүчү менен келишим түзүшү керек.

Бир топ жылдан бери кыргыз жарандарын Түштүк Кореяда жумушка орноштуруу боюнча атайын программа иштейт.

Анын алкагында иштеп келүүнү каалагандар 2-3 айлык тил курстарын окуп, андан кийин корей тили боюнча тест тапшырышы зарыл. 2022-жылы Түштүк Корея кыргызстандык жумушчулар үчүн 1 миң 800 квота бөлгөнү айтылган.

Быйыл июндан тарта Бишкектен, андан соң жакынкы арада Оштон Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) борбор шаары Абу-Дабиге түз аба каттамдары ачылганы жатканын Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги билдирген.

Маалыматка караганда, Эл аралык финансылык корпорация (IFC) Швейцариянын жардамы менен “Манас” аэропортунун мүмкүнчүлүктөрүн жана эл аралык каттамдарынын географиясын кеңейтүү артыкчылыктарын изилдеп чыгып, ар бир каттам боюнча сунуш-пикирлерин берген. (TAb)

XS
SM
MD
LG