Алишер Саиповдун өлүмү боюнча журналисттик иликтөө чыкты

Алишер Саипов.

Жарандык активист, акыркы учурларда журналисттик ишмердик менен алектенип жүргөн Адил Турдукулов 2007-жылы Ошто киши колдуу болгон журналист Алишер Саиповдун өлүмү боюнча иликтөө чыгарды.

“Алишер Саиповдун өлүмү. Ачыкка чыкпаган фактылар” деген иликтөөдө журналисттин өлүмү тууралуу тергөөнүн айрым маалыматтары, Алишер Саиповду жок кылууга кимдер кызыкдар болгону тууралуу кесиптештеринин пикирлери камтылган.

Алишер Саиповго Ошто көчөдө ок атылганда жанында болгон Стратегиялык иликтөөлөр институтунун ошол кездеги эксперти Икбол Мирсаитовдун тергөөгө берген көрсөтмөсү да кошулган. Анда “көчөдөн белгисиз адам биринчи Алишер Саиповду атып, кийин тапанчаны ага такаганын, ал качып кетүүгө үлгүргөнүн” айтып берген.

Алишер Саиповду 2007-жылы 24-октябрда белгисиз кишилер Ош шаарында атып кеткен. Кылмыштын бети ачыла элек.

Журналисттин өлүмүнө айыпталып, 20 жылга камалган киши 2010-жылы күнөөсү жок деген негизде бошотулган. 2012-жылы кылмыш иши кайра карала баштап, 2013-жылы токтотулган. 2019-жылы кайра жанданып, 2022-жылдын августунда токтотулган. Башкы прокуратура кылмыш иши “айыпталуучу катарында жоопко тартууга тийиш болгон жакты аныктоого мүмкүн болбогондугуна байланыштуу” токтотулганын билдирген. (BTo)

Дагы караңыз

Жазуучу Олег Бондаренко дүйнөдөн кайттыИрандын элчиси Азербайжандын Тышкы иштер министрлигине чакыртылды Президенттин жарлыгы менен 1704 кишиге кыргыз жарандыгы берилдиРаматов: Жер мунапысын алуу үчүн 93 миң арыз түштү"Талибан" менен Тегеран ооган абактарындагы ирандыктарды бошотууну талкуулашты