Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:36

Президенттин жарлыгы менен 1704 кишиге кыргыз жарандыгы берилди


Кыргызстандын паспорту. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын паспорту. Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргызстандын жарандыгынан чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Президенттин басма сөз кызматы кыргыз жарандыгын алгандардын көбү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар экенин билдирди.

31-мартта кол коюлган жарлыктарга ылайык, 1704 киши жарандык алып, 46 адам жарандыктан чыкты.

2022-жылы президент Садыр Жапаровдун 24 жарлыгы менен 6 316 адам кыргыз жарандыгын алып, 646сы чыгып кеткен.

“Азаттык” 2022-жылдын 31-декабрында чыккан №417 жарлык менен Орусияда таанымал болгон ондогон саясатчы, мамлекеттик кызматкер жана ишкерлер Кыргызстандын жарандыгын алганын аныктаган.

26-мартта The Moscow Times басылмасы Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 31-декабрындагы №359 жарлыгы менен да Орусиянын бир катар белгилүү адамдарына кыргыз жарандыгы берилгенин жазган. (BTo)

XS
SM
MD
LG