Раматов: Жер мунапысын алуу үчүн 93 миң арыз түштү

Иллюстрациялык сүрөт.

Айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматов Кыргызстанда жер мунапысын алуу үчүн элден 93 миң 663 арыз түшүп, жарандарга 12 миң 795 техникалык паспорт берилгенин билдирди.

Бул тууралуу ал 4-апрелде парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында айтты. Анын сөзүнө караганда, трансформация болгон жерлердин так аянты арыздар каралып, чечим кабыл алынгандан кийин белгилүү болот.

Ал эми 286 мыйзамсыз курулуштар аныкталып, документтер Башкы прокуратура менен Ички иштер министрлигине (ИИМ) өткөрүп берилди.

Дагы караңыз Ак-Ордодогу жер чыры: камалгандар, кылмыштуу топтун тиешеси

2021-жылы 5-апрелде “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө”, башкача айтканда, жер мунапысы мыйзамы кабыл алынган. Ага ылайык, 2021-жылдын 1-декабрына чейинки документи жок, бирок үй салынып калган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу каралган. Мындан тышкары ошол эле жылдын 15-августунда “Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү кирген. Ага ылайык, 1,5 миң гектар жерге документ берилери айтылган.

Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушунда 1-мартта Марал Шаболотованын үйү түрттүрүлгөн окуядан кийин 5-мартта президент Садыр Жапаров Ак-Ордого барып мыйзамсыз басылып алынган жерлерге документ берүү иштерин тездетүү тапшырмасын берген. (BTo)

Дагы караңыз

Жазуучу Олег Бондаренко дүйнөдөн кайттыНАСА Айга уча турган экспедиция мүчөлөрүнүн аты-жөнүн жарыяладыКыргыз-кытай чек арасы: кезек күткөн автоунаалар 600гө чукулдадыЧүйдө 20 жылда жерге байланыштуу 2000ден ашык иш козголдуАлександр Крестинин башкы машыктыруучу кызматынан кетти"Бешинчи канал" жана "Пирамида" каналдарын жоюу боюнча иш башталды Кыйноону алдын алуу борбору Токтогулда шектүү кыйноого кабылганын билдирди