Иликтөөчү журналисттерди таптаган "ПолитКлиника"

"ПолитКлиника" гезити.

"ПолитКлиника" медиасы быйыл 10 жылдык мааракесин белгилөөдө. Бул арада басылма бир топ машакаттуу жолдорду басып, журналистиканын эл аралык стандарттарын карманган өлкөдөгү алдыңкы медиа болууга жетишти.

Басылма журналисттик иликтөөлөрдү, фактчекинг, дата-материалдарды, эксперттердин пикирлерин, эксклюзивдүү маектерди жана саясий дебаттарды даярдап келет.

Гезиттен онлайн медиага

"ПолитКлиника" коомдогу көйгөйлөрдү ачык чагылдырууга далалат кылып түптөлгөн басылмалардын бири. Анын алгачкы саны мындан туура он жыл мурда, 2013-жылдан 28-мартында жарык көргөн.

Кыргыз тилиндеги сапаттуу контент жасаган гезитти түптөө албетте жеңил болгон эмес. Бир жагынан редакциянын кеңсеси жок болсо, экинчи жагынан каржылык жактан кыйналып, басмаканага карыз болгон учурлар арбын болгон.

Басылманын жетекчиси Дилбар Алимова ушундай кыйын учурларда дагы "ПолитКлиниканы" түптөөчүлөр буюртма материалдарды жазбайбыз деген шертине бекем турганын айтты.

Дилбар Алимова.

“Ал учурда гезит чыгаруунун түйшүгүн жакшы түшүнбөй эле амбициялык максаттар менен чыгарып алган экенбиз. Анан чыгаргандан кийин басмаканага көп акча кетерин билдик. Гезит жума сайын чыгышы керек. Ошол эле маалда журналисттерге маяна, кеңсенин ижара акысын төлөө өңдүү кыйынчылыктар болгон. Карыздар да көбөйдү. Анан мени менен чогуу кесибин сүйгөн Айгүл Бакеева, Кымбат Турдубекова кесиптештерим эле калган. Үчөөбүзгө бир гезитти чыгаруу чынында кыйын болду. Мына ушул учурда интернетке өтүү тенденциясы күч алган. Анан гезит чыгарууну биротоло токтотуп, толук эле онлайн медиага өттүк”.

Гезит менен сайттын айырмасы чоң болгондуктан "ПолитКлиниканын" кийинки кадамы да колдоого муктаж эле. Маселен, гезитте көлөмдүү макалаларды жазып көнгөн журналисттерди кыска жазууга, макалаларды мултимедиалык форматта даярдоого үйрөтүү машакаты күтүп турган. Дал ушул багытта басылмага "Интерньюс" уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү колдоо көрсөтүп, "ПолитКлиниканын" конвергенттүү редакция болушуна салым кошкон.

“Басылма үчүн бардык учурда чыгымды үнөмдөө керек болчу. Даяр, такшалган журналисттер менен иштесек каражат, дагы да көп сарпталары белгилүү да. Анан долбоор жазып, студенттерди окутуп, даярдай баштадым. Алар алгач акысыз иштеп, кийин азыраак каражат менен ишин улантышты. Өздөрүнө тажрыйба топтоду, басылмага күч болуп берди. Кийин ошол окуткан студенттерим бизге даяр кадр болуп калды. Азыр алардын ичинен айрымдары белгилүү иликтөөчү журналист болуп өсүп-жетилди”, - деди Дилбар Алимова.

Бул кыйынчылыктар эркин, көз каранды эмес болууга умтулган медианы күчтөндүргөн. Мындай өткөөл учурлар басылманын коомду агартуусуна жаңы дем болуп берген.

"ПолитКлиника" медиасынын 10 жылдык маарекеси. 31-март, 2023-ж. Бишкек.

"Саясий күчтөр менен коюн-колтук алышкан жок"

Медиа эксперт, белгилүү журналист Азамат Тынаев басылманын басып өткөн жолу, беттеген багыты тууралуу буларга токтолду:

"ПолитКлиника" деген аталышынан кеп баштасак, түпкү маани-маңызы саясат деген кеп да. Саясатчылар дагы, бийлик башындагылар дагы саясий контенти бар медиаларды өз карамагына алып, аларды өз кызыкчылыгына иштеткиси келет. Керек болсо бул үчүн дайыма чоң аракеттерди көрөт. Анткени медиада - маалымат, идеология, таасир жана мүмкүнчүлүктөр бар. Ачыгын айтсам, ушул багытта иштеген башка көптөгөн кесиптештер түрдүү азгырылууларга туруштук бере албай калышат. Анткени азгыруунун ичинде чоң акча, кызмат орундар, саясий убадалар болот. Ушундай абалда эч кимге сатылбай, эч ким менен коюн-колтук алышпай, элге кызмат кылып, так маалымат берип, керек болсо ошол эле эл башындагыларды сындап, кетирген катачылыктарын тайманбай түз айтып жүрүү - бул чоң сыноо. "ПолитКлиниканын" бийлик менен коюн-колтук алышып кетпегени да артыкчылык".

Журналист Аскер Сакыбаева "ПолитКлиника" басылмасы журналистиканын эволюциялык жолун басып өткөнүн айтты.

“Биз "ПолитКлиниканы" конвергенттүү редакция деп жатпайбызбы, башкача айтканда, булар бардык азыркы мултимедиалык каражаттары бир жерге топтолгон редакцияга айлана алды. Эң негизгиси бардык тармакты эле чапчый бербей, журналисттик иликтөөлөрдү, фактчекинг, дата-журналистиканы тандап алышты. Булар журналистиканын күрөө тамырын кармаган тармактар. Ушунусу менен башка медиалардан айырмаланып турат. Ошол эле маалда басылма эл аралык өнөктөштөр менен иштөөнү ырааттуу колго алды жана алардан дурус колдоо тапты. Бул кадам минтип журналисттик анык милдеттерди аткарууга себеп болууда”.

"ПолитКлиника" медиасынын эмгек жамааты.

"ПолитКлиника" учурда журналистика багытында бир катар тренингдерди өтөт жана иликтөөчү журналисттерди окутат. Медиада жалпысынан 15 кызматкер эмгектенет.

"Фактчекинг - жалган малыматтар​ды ашкерелейт"

"ПолитКлиника" акыркы жылдары коомчулукта резонанс жараткан жыйырмага жакын иликтөө жасаган. Ондогон дата-макалаларды, эксклюзивдүү маектерди, аналитикалык макала жана фактчекингдерди даярдап, кыргыз тилиндеги сапаттуу контенти менен коомду алдыга сүйрөөгө далалат кылууда.

Медиа эксперт Марат Токоевдин пикринде, гезит өз учурунда онлайн медиага ийгиликтүү өтүп, башка басылмаларга өрнөк боло алды.

"ПолитКлиниканын" фактчекинг, журналисттик иликтөөлөргө басым кылып жатканы заман талабы. Анткени азыр биздин коомдо журналисттер көбөйдү, алардын арасындагы кесипкөйлүк да мурункудан жогорулады. Анан турмушта, коомдо, саясатта болуп жаткан мыйзамсыз иштердин бетин ачууга журналисттердин дарамети жетип калды. Бул басылма мына ушундай иликтөөлөрдү алып чыгып жатат. Ал эми фактчекинг азыр өтө маанилүү. Анткени интернет ар бир кишинин жашоосуна терең кирип, көпчүлүк жарандар жалган маалыматтарга сугарылып жатышат. Элдин баары эле жалган маалыматты чын маалыматтан айырмалоого дараметсиз да. Мына ушул учурда фактчект жакшы кызмат кылууда. Анан бул тармактын агартуучулук жагы бар. Себеби, кандай маалыматтарды кайсы булактан тактап жатканын так көрөтөт”.

Кыргызстанда фейк жана манипуляцияга каршы күрөшүү үчүн жети редакция биригип, Checkit Media аттуу жаңы платформа түзүлгөн. Бул “Интерньюстун” “Медиа-К” долбоору аркылуу ишке ашкан. Алар: Factcheck.kg, “ПолитКлиника”, T-Media.kg, “Апрель ТВ”, Bulak.kg, Mediahub жана “Баштан Башта” редакциялары.

Дагы караңыз ЭлТР "ПолитКлиникага" 10 миллион сом доо койду

Жалган, бурмаланган маалыматтарга каршы биргелешкен күрөш 2020-жылдагы шайлоо учурунда күч алган манипуляция, саясий кризис жана кара PRга каршы жүргөн.

Кыргызстанда бир нече жылдан бери социалдык тармактарда фейк-аккаунттардын маселеси көтөрүлүп келет. Фейктер айрыкча шайлоолордо, коомдо талкуу жараткан окуяларда жанданат. Алар туура эмес, такталбаган маалыматтарды таратып коомдун пикирин өзгөрткөнгө аракет кылат.

Bulak.kg сайты жакында эле “Азаттыктын” жана “Кактус Медианын” жабылышын талап кылып социалдык түйүндөргө пикир жазгандардын көбү фейк-аккаунттар экенин аныктаган.