Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:40

ЭлТР "ПолитКлиникага" 10 миллион сом доо койду


ЭлТР телеканалы көз карандысыз “ПолитКлиника” медиасын сотко берди.
ЭлТР телеканалы көз карандысыз “ПолитКлиника” медиасын сотко берди.

ЭлТР мамлекеттик телеканалы көз карандысыз "ПолитКлиника" медиасын сотко берип, моралдык зыян катары 10 миллион сом талап кылды.

Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттары жаңы бийликтин тушунда энергетика тармагына карыз алынган-алынбаганы тууралуу бири-бирин жалган маалымат таратууга айыптаган. Ушул тапта дагы эки маалымат каражаты – “Вечерний Бишкек” басылмасы менен Kaktus.media соттошуп жатат. Андан тышкары “Азаттык Медиа” мекемесине байланыштуу соттук иштер да уланууда.

ЭлТР менен “ПолитКлиниканын иши сотко жетти

ЭлТР телеканалы “ПолитКлиника” медиасына каршы Бишкектин Свердлов райондук сотуна арыз менен кайрылганы 20-февралда белгилүү болду. Мамлекеттик канал “ПолитКлиниканын” 4-февралда социалдык тармактарда жарыяланган “ЭлТРдин “Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес” дегени калп” деген видеосуна байланыштуу сотко берген.

ЭлТР телеканалынын юристи Азизбек Ибрагимов канал “ПолитКлиника” медиасына социалдык тармактардагы баракчаларына чыккан материалды алып коюу боюнча кат жибергенин бирок жооп албаганын билдирди. Ал мекеме ушундан улам “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга таянып 16-февралда сотко кайрылууга мажбур болушканын айтууда.

“Телевидениенин уставы бар жана ал ошого ылайык иштейт. Уставда “телевидениенин милдети мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын маалыматтарын, алардын ишмердигин элге жеткирүү” деп жазылып турат. ЭлТРдин негизи милдеттеринин бири ушул. Биз энергетика боюнча Энергетика министрлигинен жана Финансы министрлигинен маалымат чогултуп туруп жарыялаганбыз”.

ЭлТР телеканалы. Архив сүрөт.
ЭлТР телеканалы. Архив сүрөт.

31-январда ЭлТР “Кайсыл президент энергетикага сырттан көп карыз алган?” деген сюжет чыгарган. Үч мүнөттүк материалда 2005-2022-жылдар аралыгында Кыргызстандын энергетика тармагына алынган карыздар эсептелген.

Журналист мурдагы президенттер - Курманбек Бакиевдин тушунда 9 млрд. 296 млн. сом, Роза Отунбаеванын учурунда 3 млрд. 416 млн. сом, Алмазбек Атамбаев өлкөнү башкарып турганда 98 млрд. 700 млн. сом, Сооронбай Жээнбековдун убагында 26 млрд. 300 млн. сом насыя алынганын, ал эми Садыр Жапаров бийликке келгенден бери бир тыйын карыз алынбаганын айтат.

“ПолитКлиника” бул материалды “Детектор” программасында талдап, ачык булактардан жана мамлекеттик сайттардан маалыматтарды чогултуп “президент Садыр Жапаровдун тушунда энергетикага насыя алынган эмес” деген маалымат жалган экенин билдирген. Онлайн медиа ЭлТР туура эмес маалымат таратып, манипуляция кылып жатканын кабарлаган.

Кийин бул окуяга президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков аралашып “ПолитКлиниканы” жалган маалымат таратууга айыптаса, ЭлТР насыя алынбаганы тууралуу дагы бир макала чыгырган. Ага “ПолитКлиника” кайра жооп берип эки медианын талашы уланып келе жатат.

Дилбар Алимова.
Дилбар Алимова.

“ПолитКлиника” медиасы башынан эле сотто өзүнүн чындыгын далилдей ала турганын билдирип келет. Эгерде сот адилет болсо келтирилген фактылардын негизинде сот биздин пайдабызга чечим чыгарат деген үмүттөбүз. Бирок сот акыйкат болобу ал башка маселе. Ал эми ЭлТР 10 млн. сом доо коюп 7 млн. сомду медиадан, 3 млн. сом журналисттен талап кылып жатканынын өзүн эле эркин медиага кысым деп бааласак болот. Эгерде өздөрүнүн чындыгын далилдегиси келсе, ЖМКдын үстүнөн даттанууларды караган комиссияга кайрылса болмок. ЭлТР арызданып жаткан материал “ПолитКлиниканын” сайтына жайгаштырылган эмес. Ал социалдык тармактардагы баракчаларга гана чыккандыктан сайтты бөгөттөөгө негиз жок”, - деди “Политклиника” медиасынын жетекчиси Дилбар Алимова.

“ПолитКлиника” медиасынын материалын журналист Тыныстан Асыпбек жасаган. ЭлТР моралдык зыяндын ордун толтуруш үчүн журналисттен 3 млн. сом, басылманын өзүнөн 7 млн. сом талап кылып жатат.

Мыйзамда моралдык зыян катары кандайдыр бир сумма белгиленген эмес. ЭлТР бул сумманы 2005-жылдан бери мамлекеттик канал катары иштеп келатканы, бир катар мамлекеттер жана башка медиа мекемелер менен кызматташып жатканы менен түшүндүрдү.

Иш сотто качан каралып баштары азырынча белгисиз. Юрист Азизбек Ибрагимов ЭлТР “ПолитКлиниканын” сайтын бөгөттөө өтүнүчү менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине да кайрылганын билдирди.

Кыргызстанда буга чейин саясатчылар, президенттер жалпыга маалымдоо каражаттары, журналисттер менен соттошкон учурлар көп эле болгон. Бирок массалык маалымат каражаттары бири-бири менен соттошкон окуялардын болгону өтө начар көрүнүш дейт медиа эксперт Айбек Турдалиев:

Айбек Турдалиев.
Айбек Турдалиев.

“Бул сөз эркиндигине кысым. Эркин медиага мамиле, журналисттердин өлкөдөн чыгарылышы бийликтин ЖМКларга каршы куралы деп кабыл алсак болот. Мамлекеттик каналдын эркин басылмага берген арызы, койгон доосу да кысым. Кыргызстанда буга чейин деле ЖМКлар бири-бирине айып койгон учурлар болгон. Бирок ал талаш жараткан материалды өчүрүү, төгүнгө чыгаруу, элдешүү менен аяктаган. Ал эми миллиондогон сомго сотко берүү – бул бийлик мамлекеттик каналды өз кызыкчылыгы үчүн колдонуп жатат деген сөз”.

“ПолитКлиника” – Кыргызстандагы саналуу көз карандысыз, эркин медиалардын бири. Басылма журналисттик иликтөөлөрдү, фактчекинг, дата-материалдарды чыгарат.

Көз карандысыз kaktus.media порталын да “Вечерный Бишкек” басылмасы сотко берип, 50 млн. сом өндүрүп алууну максат кылууда. “Вечерний Бишкек” kaktus.media сайтына чыккан “Вечерный Бишкек” гезити 1-январдан тарта жабылды. Басылманын чыкканына 49 жыл болду” деген темадагы макалада басылманын жабылышы жана банкрот болгону боюнча туура эмес маалымат берилген деп эсептейт.

“Азаттыктын” иши сотто карала баштады

ЖМКлар менен мамлекеттик мекемелер да соттошууда. 20-февралда Бишкектин Ленин райондук сотунда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттык Медиа” мекемесин маалымат каражаты катары ишмердигин токтотуу арызы боюнча соттук отурум өттү. Анда “Азаттыктын” адвокаты Акмат Алагушев доогер тараптын арызы так жазылбаганын айтты.

“Өздөрүнүн доо арызында кандай талап коюлганы так жазылган эмес. Жалпыга маалымдоо каражаты катары жабуу же “Азаттык Медиа” мекемесин жабуу талабы жазылганбы? Ошол так болбой калган. Мурунку отурумда доогер тарап экспертиза дайындоо жөнүндө өтүнүч болгон. Ал экспертизада кандай суроолор болоору да аныкталган эмес. Биз соттон ошолорду тактоону өтүндүк”, - деди Алагушев.

Сот жактоочунун өтүнүчүн канааттандырып, министрликти арыздагы талапты жана экспертизанын суроолорун тактап жазып келүүнү тапшырды. Сот отуруму 6-мартта уланмай болду.

“Азаттыктын” иши боюнча Бишкектин Ленин райондук сотунда болгон отурум. 20-февраль, 2023-жыл.
“Азаттыктын” иши боюнча Бишкектин Ленин райондук сотунда болгон отурум. 20-февраль, 2023-жыл.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Маалыматтык саясат башкармалыгынын башчысы Салкын Сарногоева сот отурумунан кийин журналисттерге комментарий берип, арыз толукталарын маалымдады.

“Жоопкер тараптан арыз түшүнүксүз болуп жатканы айтылды. Биз өзүбүздүн доо арызыбыз боюнча маалыматтарды толуктап, сотко жөнөтөбүз”, - деди ал.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 23-январда, “Азаттыктын” маалымат каражаты катары ишмердигин токтотуу боюнча Ленин райондук сотуна кайрылган.

Министрлик негиз катары “Настоящее время” каналында чыккан материалды өчүрбөгөнүн жана ЖМК жөнүндө мыйзамдын 23-беренесиндеги “согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насааттоого тыюу салынат” деген беренесин көрсөткөн.

“Азаттыктын” банк эсептери жана сайтынын бөгөттөлүшүн бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер жана медиа серепчилер сындап келет.

XS
SM
MD
LG