Чүйдө 20 жылда жерге байланыштуу 2000ден ашык иш козголду

Бишкектин чет жакасы. 2010-жыл, апрель айы.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Сокулук жана Аламүдүн райондорунда 2005-жылдан 2022-жылга чейин жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу боюнча 2300дөн ашык кылмыш ишин козгогон.

Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев 4-апрелде парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында айтты.

“Бул иштер алдамчылык, жерди өзүм билемдик менен басып алууга байланыштуу. Азыр 322ден ашык кишинин иши боюнча соттун чечими чыккан. Анын 90% алдамчылык боюнча. Келтирилген чыгым төлөнгөнү үчүн жабыркагандар тосмо арыз жазып иш кыскарып кеткен”.

Кыргызстан боюнча миңдеген гектар жер кагаз бетинде айдоо аянты катары көрсөтүлгөнү менен иш жүзүндө там салынып, ондогон жаңы конуштар пайда болгон. Алардын көбүн жарандар 2005-2010-жылдары бийлик алмашуудан кийинки башаламандык учурунда басып алып, кийин ар кимге сатып жиберишкен.

2021-жылы 5-апрелде “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө”, башкача айтканда, жер мунапысы мыйзамы кабыл алынган. Ага ылайык, 2021-жылдын 1-декабрына чейинки документи жок, бирок үй салынып калган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу каралган. Мындан тышкары ошол эле жылдын 15-августунда “Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү кирген. Ага ылайык, 1,5 миң гектар жерге документ берилери айтылган. (BTo)

Дагы караңыз

Кыйноону алдын алуу борбору Токтогулда шектүү кыйноого кабылганын билдирди Турдубекова милиция Фейсбуктагы баракчасын бөгөттөө аракетин көргөнүн айтып чыкты Президент Салык кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзамга кол койдуМукаш Ырсалиев Сербиядагы бокс мелдешинде мыкты калыс деп табылдыСтолтенберг: НАТО курал чыгарууну көбөйтүүдө