Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:53

Мукаш Ырсалиев Сербиядагы бокс мелдешинде мыкты калыс деп табылды


Мукаш Ырсалиев. 2-апрель, 2023-ж. Белград, Сербия.
Мукаш Ырсалиев. 2-апрель, 2023-ж. Белград, Сербия.

Кыргызстандык бокс калысы Мукаш Ырсалиев Сербиянын Белград шаарында өткөн 60th Belgrade Winner деп аталган эл аралык мелдеште мыкты калыс аталды. Бул тууралуу Азиянын Бокс конфедерациясы маалымдады.

Маалыматка караганда, мелдеш 29-марттан 2-апрелге чейин өтүп, ага дүйнөнүн беш бокс конфедерациясынан 200гө жакын мушкерлер катышып, таймаштарды 20дан ашык калыс тейлеген.

48 килограмм салмакта кыргызстандык Анваржон Хожиев күмүш, 86 килограмм салмакта Эркин Адылбек уулу коло байгеге ээ болду. Азия чөлкөмүнөн жалпы 25 мушкер байге алды.

Мелдештин жыйынтыгында, рейтингге жараша кыргызстандык калыс Мукаш Ырсалиевге "мыкты калыс" наамы ыйгарылды.

53 жаштагы Ырсалиев бокс боюнча эл аралык калыс болуп 13 жылдан бери эмгектенет. Учурда эл аралык бокс ассоциациясынын (IBA) 3-даражадагы калысы наамына ээ.(ECh)

XS
SM
MD
LG