Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:18

Президент Салык кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзамга кол койду


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Документти 16-мартта Жогорку Кеңеш кабыл алган. Президенттин басма сөз кызматы мыйзамдын максаты чакан жана орто ишкерликти колдоо тууралуу жарлыктарды ишке ашыруу, көмүскө экономиканы азайтуу экенин билдирди.

Мыйзамга ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы чырда Баткен менен Ошто жабыр тарткан ишкерлердин салыктык карыздары жоюлат.

Жылдык кирешеси 8 миллион сомдон ашпаган көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонгон жеке ишкерлер салыктан бошотулат.

Бирдиктүү салыктын чени (ставка) төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:

  • жылдык жүгүртүүсү 100 миллион сомдон ашпаган базарлардагы ишкерлер үчүн 0,1%;
  • соода үчүн бирдиктүү салыктын ченин накталай акча үчүн 4% жана накталай эмес төлөмдөр үчүн 2% төмөндөтүү:
  • 0,5 % - жылдык жүгүртүүсү 30 миллион сомго чейин;
  • 1 % - 30 миллион сомдон 50 миллион сомго чейин жүгүртүү менен;
  • коомдук тамактануу кызматтары үчүн киреше көлөмү чектелбейт.

ККМ колдонбогондорго биринчи жолу эскертүү берилет. Мыйзамды экинчи жолу бузса, жеке жактарга 500 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып салынат. Эрежени дагы бир жолу бузгандар 3000 сом, юридикалык жактар 13 миң сом айып пул төлөйт. Ишкер айыпты 30 күндүн ичинде төксө, 70% жеңилдик берилет.

Кыргызстанда транспорт каражаттарын сатуучу кыргызстандык ишканалар кошумча нарк салыгынан бошотулат.

Күмүш, жез, сурьма, сымап камтыган кендерди жана концентраттарды саткан тоо-кен казып алуу жана кайра иштетүү ишканаларынын кирешелерине салык киргизилет. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөр чакан ишкердик менен алектенгендердин нааразылыгын жаратып, Бишкекте бир нече жолу митингдер өткөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG