Үч, төрт эм төрөлгөн үй-бүлөлөргө 500 миң сом сүйүнчү берүү сунушталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда үч же андан көп эм төрөлгөн үй-бүлөлөргө бир жолу 500 миң сом сүйүнчү пул берүү демилгеси көтөрүлдү. Тиешелүү токтом долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Максатбек Сарбагышев, Нурбек Алимбеков жана Мирлан Самыйкожо сунуштады.

Парламенттин басма сөз кызматы долбоор 3-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында талкууланып, колдоо тапканын билдирди.

Расмий маалыматка караганда, 2022-жылы өлкөдө 1380 эгиз, 13 үч эм жана 1 төрт эм төрөлгөн. 2021-жылы 1452 эгиз, 17 үч эм, ал эми 2020-жылы 1552 эгиз, 18 үч эм бала жарык дүйнөгө келген.

Он жылдагы төрөттү алып карасак, 2012-2019-жылдары статистика улам жогорулап, эгиздер 1286дан 1640ка жеткен. Соңку он жылда Кыргызстанда алты жолу төрт эм төрөлгөн.

Кыргызстанда 2018-жылдын 1-январынан тартып балага 4000 сом сүйүнчү чегериле баштаган.

Былтыр Кыргызстандын калкы 7 миллионго жетти. Өлкөнүн миллиондон ашуун жараны чет өлкөлөрдө эмгек мигранты болуп жүрөт. (BTo)

Дагы караңыз

Салык кызматы “Google салыгы” менен акча түшө баштаганын билдирдиТатарскийдин өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголдуНогойбаев түз эфирде айткан сөзүнө түшүндүрмө берип, кечирим сурадыЗеленский Польшага расмий сапар менен бара турганы кабарланды"Улуттук энергохолдинг" жоюлуп, акциялары министрликке өтөтТажикстанда онго жакын ири ишкана 2022-жылды чыгаша менен аяктады