Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:04

Тажикстанда онго жакын ири ишкана 2022-жылды чыгаша менен аяктады


Рогун ГЭСи.
Рогун ГЭСи.

Тажикстандын Каржы министрлиги өлкөдөгү онго жакын ири ишкана 2022-жылды чыгаша менен аяктагынын билдирди. Мекеме 21 ишкананын өткөн жылдагы ишмердүүлүгүнө анализ жүргүзүп, анын болжолдуу жыйынтыгына таянып ушундай бүтүмгө келген.

Каржы министри Файзиддин Каххорзоданын айтымында, кеп мамлекеттик "Барки Точик" энергохолдинги, "Тажик алюминий" , "Тажик эйр" улуттук авиакомпаниясы, "Тажиктрансгаз", "Алюминсохтмон", "Рогун ГЭСи" жөнүндө болууда.

Министр аналитикалык иштер июнь-июль айларына чейин уланып, жыйынтыгында кыйла так маалыматтар болорун кошумчалады.

Эксперттер ишканалардын жылды чыгаша менен аяктаганын жемкорлукка байланыштырууда.

2020-жылы Тажикстандын өкмөтү "Барки Точик" холдингинин 5 миллиард сомонилик (ошол кездеги курс боюнча 440 млн. доллар) карызын кечкен. Бирок көп өтпөй компаниянын карызы кайра көбөйүп, жүз миллиондогон сомониге жеткен.

Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин маалыматына караганда, 2022-жылы Тажикстанда алюминий өндүрүшү 62 миң тоннаны түзгөн. Бул 2021-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 2,5% көп. Ошондой эле өткөн жылы Тажикстан 140 миллион долларга 51 миң тонна алюминий экспорттогон.

"Барки Точик" өткөн жылы өлкөдө электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмү 16 миллиард кВ/саатты түзүп, андан мурдагы жылга салыштырмалуу 360 миллион кВ/саатка көп болгонун билдирген.

Бул маалыматтар Каржы министрлигинин аталган эки компания жылды чыгаша менен аяктаганы тууралуу билдирүүсүнө каршы келүүдө.

XS
SM
MD
LG