Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:05

Зеленский Польшага расмий сапар менен бара турганы кабарланды


Анжей Дуда менен Владимир Зеленский. 2022-жылдын декабрында Польшанын Жешув шаарындагы жолугушуу.
Анжей Дуда менен Владимир Зеленский. 2022-жылдын декабрында Польшанын Жешув шаарындагы жолугушуу.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 5-апрелде Варшавага расмий сапар менен баруну пландап жатканын Польшанын президенти Анжей Дуданын кеңсеси билдирди.

Зеленский поляктар жана ал жакта жашаган украиндер менен Падышалык сарайда жолугушат.

Азырынча Киев бул тууралуу маалымат бере элек.

Орусия Украинага басып киргенден бери Польша Украинага ырааттуу каржылык, коргонуу жана гуманитардык колдоо көрсөтүп келүүдө. Польша - эң көп украин качкындарына баш калка берген өлкөлөрдүн бири.

Согуш башталганы Зеленский АКШга, Британияга, Францияга жана Бельгияга барып келди.

XS
SM
MD
LG