Мамлекеттик салык кызматы Кыргызстанда электрондук түрдө кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк компаниялар бюджетке кошумча нарк салыгын төлөп жатканын билдирди.
Мекеме аны “Google салыгы” деп атап бир жылда 39 чет элдик компания Салык кызматынын vat.salyk.kg сайты аркылуу аралыктан салыктык каттоодон өтүшкөнүн кабарлады.
АКШдан алты, Дубайдан, Ирландиядан, Нидерланддан төрттөн, Улуу Британиядан, Канададан, Кипрден үчтөн, Бириккен Араб Эмираттарынан, Орусиядан жана Люксембургдан, Кайман аралдарынан, Латвиядан, Япониядан экиден, Эстониядан, Армениядан, Казакстандан, Швециядан бирден компания катталган.
Алардын арасында Google, Amazon, Netflix, Яндекс Go, Adobe, Xsolla, Spotify, Audible сыяктуу белгилүү ишканалар бар. 2022-жылы чет элкөлүк төрт компания – Яндекс Go, Vaskiani Ventures, Xsolla жана Adobe бюджетке 85 миллион сомдон ашык кошумча нарк салыгын төккөн.
2022-жылы Кыргызстанда электрондук түрдө кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк компанияларга 12% кошумча нарк салыгы киргизилген. (BTo)
Дагы караңыз
"Улуттук энергохолдинг" жоюлуп, акциялары министрликке өтөтТажикстанда онго жакын ири ишкана 2022-жылды чыгаша менен аяктадыАба ырайы: үшүк жүрөтЖер мунапысы: "Кадастрдын" Аламүдүн районундагы жетекчиси кармалдыБишкекте Ногойбаевдин отставкасын талап кылган акция өттү