Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:02

Бишкекте Ногойбаевдин отставкасын талап кылган акция өттү


Азамат Ногойбаевдин отставкасын талап кылган акция. 3-апрель, 2023-жыл. Бишкек.
Азамат Ногойбаевдин отставкасын талап кылган акция. 3-апрель, 2023-жыл. Бишкек.

3-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын алдында шаардык милициянын башчысы Азамат Ногойбаевдин кызматтан кетишин талап кылган нааразылык акция өттү.

Акциянын уюштуруучуларынын бири укук коргоочу Назгүл Турдубекова шаардык милицияда адамдардын, кыздардын укугун коргогон адам иштеши керектигин айтып, президент Садыр Жапаров менен ички иштер министри Улан Ниязбековго кайрылды.

“Кыргызстанда зордуктоо фактылары мурдагы жылдарга караганда эки эсе көбөйдү. Бул абдан коркунучтуу. Буга укук коргоо органдарында таза иштебеген кызматкерлер да күнөөлүү. Ошондуктан Ногойбаев кызматтан кетсин. Бишкекте жакшы иштеген, балдардын кызыкчылыгын коргогон адам иштеши керек”, - деди Назгүл Турдубекова.

Азамат Ногойбаев 31-мартта Фейсбукта түз эфирде суроолорго жооп берип жатып, шаарда өспүрүм кыздар зордукталган учурлар көп катталып жатканын, алардын арасында жыныстык катнашка өз эрки менен баргандар бар экенин билдирген.

Азамат Ногойбаевдин отставкасын талап кылган акция. 3-апрель, 2023-жыл. Бишкек.
Азамат Ногойбаевдин отставкасын талап кылган акция. 3-апрель, 2023-жыл. Бишкек.

Анын билдирүүсү коомчулукта, укук коргоочулардын арасында талкуу жаратты. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ички иликтөө кызматы Ногойбаевдин айткандарына байланыштуу териштирүүнү да баштаган.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Ногойбаевдин айткандарын айыптап, өспүрүмдү зордуктоо оор кылмыш экенин эскерткен.

Соңку жылдары кыз-келиндерге карата зомбулук күчөгөнүн өкмөт өкүлдөрү моюнга алууда. Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан 2021-жылы кооптуу өлкөлөрдүн катарына кирген.

ЮНИСЕФтин маалыматына караганда, Кыргызстанда ар бир төртүнчү бала жетишпеген турмушта жашап, бала чагынан оор жумуштарды жасоого аргасыз (Улуттук статистика комитетинин эсеби боюнча, учурда Кыргызстанда 18 жашка чейинки бала 2,5 миллиондон ашык бар). 14 жашка чейинки балдардын 70% зомбулуктун ар кайсы түрүнөн жапа чегип келет. (BTo/KS)

XS
SM
MD
LG