Бишкек мэриясы бала бакчаларда мыйзамсыз акча чогултууну талкуулады

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева 31-мартта муниципалдык бала бакчалардын жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Анда балдардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча чогултууну тыюу, бакчаларда берилген тамак-аштын сапаты өңдүү маселелер талкууланды.

"Мэриянын тийиштүү башкармалыгы билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салуу үчүн мындай жайлардын жетекчилерине түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Жыйындын соңунда директорлорго бул көрүнүштү токтотуу боюнча тапшырмалар берилди”,-деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында блогер Улукбек Карыбек уулунун шаардагы бала бакчалардын бирине барып тарткан түз эфири талкуу жараткан. Анда блогер бул жайга мыйзамсыз иш-аракеттер тууралуу айрым ата-энелердин арызынан улам барганын билдирген. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Карыбек уулун сындап “Фейсбукка” билдирүү жазган.

Дагы караңыз

Авдеевкага урулган соккуда беш айлык наристе менен чоң энеси мерт болду Жон Кирби америкалыктарды Орусиядан чыгып кетүүгө чакырдыБишкек милициясы соңку маалда өспүрүмдөр зордукталган учурлар көбөйгөнүн билдирди Акыйкатчы өспүрүмдү зордуктоо оор кылмыш экенин эскерттиБердымухамедовдун урматына курула турган шаарга 5 млрд. доллар жумшайт