Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:03

Бишкек милициясы соңку маалда өспүрүмдөр зордукталган учурлар көбөйгөнүн билдирди


Балдарга карата зомбулукка байланыштуу акциядан.
Балдарга карата зомбулукка байланыштуу акциядан.

Бишкек шаардык милициясынын жетекчиси Азамат Ногойбаев өспүрүмдөр зордукталган учурлар акыркы күндөрү көп катталып жатканын маалымдады. Бул тууралуу ал басма сөз кызматы өткөргөн түз эфирде айтты.

"Тилекке каршы, жашы жете электер арасында жыныстык катнашка өз эрки менен баргандар болууда. Биз жергиликтүү бийлик, социалдык кызматкерлер менен мектептерде профилактикалык иштерди жүргүзүп жатабыз. Бирок баары бир мындай окуялар катталууда. Акыркы мезгилде дайынсыз жоголгон кыздар ушундай кырдаалга учурап калып жатат. Бирөөлөр менен таанышып, жыныстык катнашка барат, анан бизде ушундай кырдаал жаралууда. Албетте, жашы жете элек балдарга мындай аракеттерди кылгандар жазасыз калбашы керек. 2021-жылы өз жанын кыйган өспүрүм кыз жыныстык катнашка барган адамга турмушка чыккысы келген", - деди Ногойбаев.

2021-жылы Бишкекте 13 жаштагы кыз зордукталгандан беш айдан кийин өз жанын кыйганы ачыкка чыккан. Бул боюнча кылмыш иши токтотулуп, тергөө жүрбөгөнү маалым болгон. Быйыл жыл башында Башкы прокуратура ишти кайра карап, зордуктоо фактысын жетиштүү тергебей, ишти жапкан Ленин райондук милициясынын эки тергөөчүсүн, соттук-медициналык экспертизанын бир кызматкерин жана зордуктоого шектүү адамды камаган.

Соңку жылдары кыз-келиндерге карата зомбулук да күчөгөнүн өкмөт өкүлдөрү моюнга алууда. Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан 2021-жылы кооптуу өлкөлөр катарына кирген.

ЮНИСЕФтин маалыматына караганда, Кыргызстанда ар бир төртүнчү бала жетишпеген турмушта жашап, бала чагынан оор жумуштарды жасоого аргасыз (Улуттук статистика комитетинин эсеби боюнча, учурда Кыргызстанда 2,5 миллиондон ашык 18 жашка чейинки бала бар). 14 жашка чейинки балдардын 70% зомбулуктун ар кайсы түрүнөн жапа чегип келет.

Ички иштер министрлигинин 2022-жылдагы маалыматында сексуалдык зомбулукка байланыштуу жалпысынан 121 кылмыш иши тергелип, анын 80и сотко жөнөтүлгөнү кабарланган. Балдарды зордуктоо фактысы боюнча 39 иш тергелип, анын 25и сотко өткөн, үч кылмыш иши токтотулган. (BCh)

XS
SM
MD
LG