Бишкектин Ленин районуна жаңы аким дайындалды

Мураталы Тагаев

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун 31-марттагы жарлыгы менен Мураталы Тагаев борбор калаанын Ленин районунун акими болуп дайындалды.

Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Ленин районунун мурдагы акими Русланбек Тагаев 28-мартта мэрдин жарлыгы менен "башка ишке өткөнүнө байланыштуу" кызматтан алынган. Анын кайсы кызматка барганы маалымдалган эмес.

Мураталы Тагаев буга чейин Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда аким болуп бир жыл иштеген. Былтыр 13-мартта дайындалган бул кызматынан ал президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен бүгүн, 31-мартта бошотулду.

Мураталы Тагаев 45 жашта. Сузактын Барпы айылында туулуп- өскөн.

Жалал-Абад шаардык кеңешинин бир нече чакырылышынын депутаты, шаардык кеңештин төрагасы, Жалал-Абад шаарынын мэри болгон. (ZKo)

Дагы караңыз

Баткен менен Сохтун чегиндеги Өзбекстандын чек ара кезмети алынды Бердымухамедовдун урматына курула турган шаарга 5 млрд. доллар жумшайтАвтоунаалардын кармалышы боюнча кыргыз-беларус бажычылары сүйлөштүМөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо өткөрүүгө 18,6 млн. сом сарпталатОрусия Харьковду ракета менен аткылады